Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:30

Өзбекстанда алдамчылыкка айыпталган эки блогерге издөө жарыяланды


Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Санжар Хожа жана Шерали Комиловго издөө жарыялады. Министрликтин сайтында жарыяланган сүрөт.
Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Санжар Хожа жана Шерали Комиловго издөө жарыялады. Министрликтин сайтында жарыяланган сүрөт.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Санжар Хожа деген лакап ат менен белгилүү Санжар Икрамовго жана Detective Uz ютюб-каналынын автору Шерали Комиловго 11-августта издөө жарыялады. Экөө тең алдамчылыкка айыпталууда. Аларга тагылып жаткан беренелерге ылайык, блогерлер 8-10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

1988-жылкы Санжар Икрамовдун ютюб каналына 200 миңден көп адам катталган. Ал негизинен саясат, экономика жана психология темаларын чагылдырып келет. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда ал Түркияда жашайт.

44 жаштагы Шералив Комиловдун YouTube-каналында 17 800 катталуучусу бар.

Соңку айларда Өзбекстанда ар кандай айыптар менен бир катар журналисттер жана блогерлер камалган. 4-августта «Күзгү» Youtube-каналынын автору Абдукодир Муминов «алдамчылыкка» жана «опузулап акча алууга» айыпталып, жети жыл үч айга эркинен ажыратылды.

29-июлда «опузалап акча алууга» шектелип ферганалык блогер Олимжон Хайдаров кармалган.

Ушул жылдын 27-июнунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Ташкент сөз эркиндиги жаатында жүргүзүлүп жактан реформалардан артка чегинбей турганын баса белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG