Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:14

"Барселона" клубунун ардагер оюнчулары Кыргызстанга келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

29-августта Жалал-Абад шаарында белгилүү испаниялык “Барселона” футбол клубунун академиясынын ачылышы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу 11-августта билдиргендей, академиянын жана клубдун Борбор Азиядагы башка франшизалары JalGroup Asia компанияна таандык.

Академиянын ачылыш аземинин алкагында “Барселона” клубунун мурдагы легендарлуу оюнчулары Кыргызстанга келет. Алар 30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен көргөзмө беттеш өткөрүшөт.

“Бул оюнга мамлекеттин жетекчилиги катышары да күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

10-августта "Барселонанын "сайтына жарыяланган билдирүүдө клубдун ардагер оюнчуларынан Жулиано Беллетти, Лодовик Жули, Рональд де Бур, Сержи Бархуан, Жовани да Силва, Хуан Карлос Родригес жана Хуан Антонио Гойкоэчеа келе турганы жазылган.

"Барселона" - 1899-жылы негизделген каталониялык футбол клубу. Ал Испания боюнча 77, эл аралык жана европалык 20 титулдун ээси.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG