Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Москва шаарында учкучсуз дрон жарылды


Москва шаарындагы Карамышев суу жээгине жакын жерде учкучсуз учак жарылды. Бул тууралуу маалыматты алгач “База”, Shot жана Mash Телеграм-каналдары жазды. Кийин жарылуу болгонун Москванын мэри Сергей Собянин ырастады.

Mash жазгандай, жардыруу Москванын Живопись көпүрөсүнө жакын жерде Маршал Жуков проспектисинде болгон. Учкучсуз учак Москва дарыясын бойлой 150 метрдей бийиктикте учкан. Андан соң окуяга күбө болгондор жарылуунун үнүн угушкан.

“База” дрон Подмосковьянын Истринск району тараптан учуп келген. Shot чыгарган маалыматка караганда, учкучсуз учактын сыныктары №67 оорукананын жанындагы сейил бактан табылган. Дрон кулаган жерден беш чакырымдай алыстыкта Башкы штабдын башкы башкармалыгынын имараты жайгашкан.

Жума күнү эрте менен Калуга шаарынын жана Внуково аэропортунун аба мейкиндиги жабылганы белгилүү болду. Алдын ала маалымат боюнча, буга учкучсуз учактын чабуул койгону себеп болгон. Болжол менен так ушул дрон Карамышев жээгине чейин учуп барып, ошол жерде жарылган.

Азыр Внуково аэропорту кадимки режимде иштеп жатат.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуулга Украинаны айыптады.

“Бүгүн күндүз Киев режиминин Москванын аймагына учкучсуз учуучу аппарат менен террордук чабуул коюу аракети болду. Аппаратка радиоэлектрондук каражат менен каршылык көрсөтүлүп, Москванын батышындагы токойго кулап түшкөн”, - деп айтылат орус коргоо мекемесинин маалыматында.

Киев дрон менен чабуул коюуга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG