Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:34

Акыйкатчы менен АКШ элчиси өлкөдөгү адам укугунун абалын талкуулады


Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери өлкөдөгү адам укугунун корголушун талкуулады.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 11-августта кабарлады.

Жаманбаева Кыргызстанда жарандык коом, демократия жана адам укуктары боюнча негизги баалуулуктарды жайылтуудагы АКШ элчилигинин, Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) салымын белгиледи.

USAID менен кызматташуунун алкагында адам укуктары жана эркиндиги боюнча маанилүү долбоорлор ишке ашырылганын, алардын катарында “Жигердүү жарандар”, “Укук булагы” демилгелери бар экенин айтты.

АКШ элчиси Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердигинде эркиндиктин сакталышы маанилүү экенин белгиледи.

“Жарандардын укугун коргоодо жарандык коомдун ролу чоң. Ошол себептүү жарандык коомдун өкүлдөрүнүн иш жүргүзүү эркиндигин камсыздоо маанилүү”, - деди Вигери.

Тараптар адам укугуна байланыштуу биргелешкен долбоорлорду жандандырууну, бул жааттагы көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн чараларды талкуулашты.

Учурда Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын ишмердигин жөнгө салуу боюнча эки мыйзам долбоору каралып жатат. "Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар тууралуу" мыйзамды былтыр ноябрда президенттин администрациясы сунуштаган. Анда Кыргызстанда "чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар" түшүнүгүн киргизүү жана мамлекеттин коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө түшүнүгүн киргизүү сунушталган.

Бир катар эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун сынынан кийин президенттик аппарат документти иштеп чыгууга макул болуп, атайын жумушчу топ түзүлгөн.

Экинчиси Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова даярдаган мыйзам долбоору былтыр коомдук талкууга коюлган. Мунун тегерегинде да талкуу күчөгөндөн кийин бир катар депутаттар долбоорго автор болуудан баш тартканын жарыялашты. Мында чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк өкүл" макамын берүү жана аларды текшерүүгө алуу беренелерин камтыйт.

Эл аралык Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги корголорун, ар ким өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG