Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:44

Amnesty International уюму Рита Карасартова боюнча петиция даярдады


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Эл аралык Amnesty International уюму Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан укук коргоочу Рита Карасартовага коюлган айыптарды алып салуу боюнча петиция даярдады.

Мындай билдирүү уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн Фейсбуктагы баракчасына 10-августта жарыяланды.

Анда Карасартова “учурда бийликтин саясатына тынчтык жолу менен каршылык көрсөткөнү үчүн үй камагында экени” жазылган.

“Ритага өз ишин эркин жана тоскоолдуксуз жасоого мүмкүнчүлүк берилиши керек. Ага коюлган айыптын алынышын жана үй камагынан бошотулушун талап кылыңыздар”, - деген петициянын авторлору элге кайрылуусунда.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта калды. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Алардын катарында Рита Карасартова да бар.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары баалап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG