Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

АКШ "Белавиага" жана жарандык авиациянын Минскидеги заводуна санкция салды


Кошмо Штаттардын бийлиги Беларуска каршы санкциялык тизмени кеңейтип, ага беш уюмду жана сегиз кишини кошту.

Санкциялык тизмеге "Белавиа" улуттук авиакомпаниясы жана жарандык авиациянын Минск заводу, бир жарандык авиалайнер кирген.

Бул тууралуу АКШнын Каржы министрлигинин 9-августтагы билдирүүсүндө айтылат.

Буга чейин Евробиримдик Украинадагы согушка байланыштуу Беларуска карата санкцияларды кеңейткен. Бул тууралуу маалымат 3-августта Еврокомиссиянын сайтында жарыяланган.

Анда жазылгандай, жаңы чектөөлөрдүн башкы максаты - Орусияга каршы киргизилген санкцияларды буйтап өтүүгө каршы күрөшүү. Муну менен Беларуска экспорттоого тыюу салынган буюм-тайымдардын тизмеси кеңейди.

Беларус - Орусия менен биргеликте Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Мындан улам Беларус аркылуу Орусияга тыюу салынган товарларды алып өтүүгө түз мүмкүнчүлүк бар.

Соңку күндөрү Евробиримдик Беларуста орусиялык "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жайгашуусуна тынчсызданууда. Польшанын бийлиги жалданма жоочулар чек арада чагым уюштурушу мүмкүн деп кооптонуп жатат.

Польша менен Литванын лидерлери 3-августта жолугуп, Беларус менен чек араны бекемдөө зарыл экенин талкуулашты.

Беларустун бийлигине карата биринчи санкцияларды 2006-жылдын 16-июнунда АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш киргизген. Анда ал беларус бийлигин 2006-жылкы президенттик шайлоодогу “Беларустун демократиялык институттарын жана процесстерин бузууга багытталган аракеттери” үчүн деп айыптаган. Бул шайлоодо адам укуктарын бузулган, саясий куугунтуктар болгон. Санкция киргизүүгө өлкөдө мамлекеттик коррупция күчөгөнү себеп катары көрсөтүлгөн.

2021-жылдын 9-августунда АКШ Беларустагы 2020-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу расмий Минскинин лидерлерине салган санкцияларын кеңейткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG