Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:48

Таласта медициналык окуу жайдын директору коррупцияга шек саналып кармалды


Атайын кызмат тараткан сүрөт
Атайын кызмат тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Талас медициналык коллежинин директору 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, "аталган окуу жайдын кызмат адамдары окуунун бюджеттик жана келишимдик түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөнү аныкталган".

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас медициналык коллежинин директору Б.Г.А. жана аталган окуу жайдын башка кызмат адамдары окуунун бюджеттик жана келишимдик түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөндүгү үчүн мыйзамсыз акчалай сыйлыктарды системалуу түрдө алышкан. Жогорудагы адамдар, кабыл алуу комиссиясынын мүчөсү болуу менен акчалай сыйлыкка абитуриенттерге тесттин суроолору алдын ала даярдалган туура жоопторду беришкен", - деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.

Учурда фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Коррупцияга айыпталгандардын жакындары менен жактоочулары азырынча комментарий бере элек.

Өткөн жылы Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упеновду дагы атайын кызмат коррупцияга шек санап кармаган. Ага “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган” (Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси) деп иш козгогон. 2023-жылы апрель айында Талас облустук соту Айбек Упеновдун ишинде кылмыштын курамы жок деп таап, аны актаган.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү туру 9-августта жыйынтыкталды. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG