Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

ЕАЭБге киргенден бери Орусияга барган кыргыз жарандарынын саны 2,5 эсе өстү


ЕАЭБ кирген төрт өлкөдөн Орусияга келген мигранттардын санынын динамикасы. “Евразия экономикалык интеграциясы” баяндамасындагы графика.
ЕАЭБ кирген төрт өлкөдөн Орусияга келген мигранттардын санынын динамикасы. “Евразия экономикалык интеграциясы” баяндамасындагы графика.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген жети-сегиз жылдан бери Орусияга келген кыргыз эмгек мигранттарынын саны дээрлик 2,5 эсе өсүп, 1 миллиондон ашты.

Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик мекемелери биргелешип даярдаган “Евразия экономикалык интеграциясы” (“Евразийская экономическая интеграция”) деп аталган баяндамада айтылат.

Маалыматтык докладда Бишкек менен Ереван уюмга кошулган 2015-жылкы сандар келтирилбейт.

2016-жылы Кыргызстан, Армения, Беларус жана Казакстандан Орусияга келип иштегендердин саны 700-800 миң болгон. 2022-жылдын жыйынтыгында бирикме ичиндеги калган төрт мамлекеттен орус жергесине келип эмгектенгендер 2,1 эсе көбөйүп, 1,7 миллионго чукулдаган.

Бул өлкөлөрдүн ичинен мигранттардын саны эң ылдам арбыганы Кыргызстан. 2016-жылы Кыргызстандан Орусияга 400 миңдей жаран барып иштесе, 2022-жыл алардын саны 1 миллиондон жогору болгон.

Армениядан Орусияга барып иштегендер бул убакытта 200 миңден 400 миңге чейин көбөйүп, Москва Украинага кол салгандан кийин 300 миңге азайганы байкалат. Казакстан менен Беларустан орус жергесинде эмгектенгендердин саны аз-аздан гана өскөн.

Баяндаманы Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлиги орус өкмөтүнүн алдындагы Аналитикалык борбор, Бүткүл орусиялык сырткы соода академиясы менен биргеликте даярдаган. Доклад аталган министрликтин сайтына жарыяланды.

Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматына ылайык, 1,2 миллиондой жаран чет жакта эмгектенип жүрөт. Анын 1 миллиондон ашууну Орусияда.

Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт багытта эркиндик берилерин жарыялаган. Алар: жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар. Бул аралыкта уюмдагы өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан аталган принциптердин сакталбай жатканына байланыштуу өнөктөштөрүнө бир нече ирет доомат артышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG