Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:32

Чүйдөгү 323,3 миң гектар сугат жердин 30% суу жеткирүүдө маселе бар


Жүгөрү талаасын сугарып жаткан дыйкан. Ысык-Ата району. 2023-жыл, 14-июль.
Жүгөрү талаасын сугарып жаткан дыйкан. Ысык-Ата району. 2023-жыл, 14-июль.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-августта Чүй облусундагы сугат суу маселесине байланыштуу жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда бул аймакта кошумча суу кампаларын чукул арада куруу тууралуу сөз болгонун билдирди.

"Чүйдө бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат. Бул багытта өкмөт жакынкы арада ири каражат берет. Адистердин эсебинде, сегиз райондон турган бул облуста cугат жери деп эсептелген 323,3 миң гектардын 30% агын сууну жеткирүүдө маселе жаралууда. Жыйын соңунда Акылбек Жапаров ирригация маселелерин чечүүгө байланышкан тиешелүү тапшырмаларды берди", - деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Суу чарба кызматынын жетекчиси Алмазбек Сокеев быйыл өлкөдө сугат суу 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе аз экенин билдирген. Суу таңкыстыгы айрыкча Чүй жана Талас облустарында катуу сезилип жатканын айткан.

Анын алдында Бишкекте Ысык-Ата районунан келген 30дай фермер сугат суу таңкыстыгына нааразы болуп акцияга чыккан.

Акыркы жылдары дыйканчылык жайылган жердин аянты жылдан-жылга кеңейип жаткандыктан сугат суу тартыштыгы күчөп баратат. Мындан сырткары суу келген арык, каналдар эскирип, суу ортодон коромжуга учурап жатканы айтылууда. Расмий маалымат боюнча, суу тартыштыгын жоюу үчүн кеминде дагы 34 суу сактагыч куруу керек.

Өкмөт 2022-жылы өлкөдөгү ирригация тармагын жакшыртууга 1 миллиард сом бөлүп, сугат суу маселесин чечээрин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG