Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Бээжинде суу ташкындан каза тапкандар 33кө жетти


Бээжиндеги Мяофэншань районун каптаган суу ташкын. 1-август, 2023-жыл.
Бээжиндеги Мяофэншань районун каптаган суу ташкын. 1-август, 2023-жыл.

Бээжинде жакында эле болгон суу ташкындан өмүрү кыйылгандардын саны 33кө жети. Алардын бешөө куткаруучулар. 18 адам дайынсыз.

Бул тууралуу Кытайдын баш калаасынын вице-мэри Ся Линьмао 9-августтагы маалымат жыйында билдирди.

Июль айынын соңунда жамгырдан улам 59 миң турак жай урап, 150 миңдей там кыйраган, 15 миң гектар айдоо аянты суу алдында калган.

Ондогон жолдор, жүздөгөн көпүрөлөр бузулган. Сянын айтымында, куткаруу, оңдоп-түзөө иштери уланууда. Ал баарын толук калыбына келтирүү үчүн үч жылдык убакыт керек экенин кошумчалады.

Кытайдын башка аймактарында өткөн дем алыш күндөрү Доскури катуу шамалынан улам ондогон киши набыт болду. Дайынсыз жоголгондор бар.

Ал арада Кытайдын түндүгүндөгү Орусия жана Монголия менен чек арага жакын Ички Монголия аймагында токойлорду өрт каптоодо. Тилсиз жоо менен күрөшкө беш миңдей өрт өчүрүүчү тартылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG