Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Австриялык экс-министр Карин Кнайсль Рязанда жашап жатат


2018-жылы Карин Кнайслдын тоюнда Владимир Путин да конок болуп, экөө вальс бийлеген.
2018-жылы Карин Кнайслдын тоюнда Владимир Путин да конок болуп, экөө вальс бийлеген.

Австриянын мурдагы тышкы иштер министри Карин Кнайсль коркутуулардан улам өз өлкөсүнөн кетип, Орусиянын Рязань облусунда жашап жатат. "Вид сбоку" басылмасы ал учурда Касимов районундагы Петрушово айылында экенин жазды. Журналисттер австриялык экс-министрди жай саратанына арналган майрамда жолуктурушкан.

Ал кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып Петрушоводо кеминде дагы бир ай болорун, анда аркысын дагы көрө жатарын айткан. Экс-министр окутуучулук ишин улантып жатканын, китеп жазып, тил үйрөнүүгө киришкенин билдирген.

58 жаштагы Кнайсль 2017-2019-жылдары министр болгон. 2018-жылы ал турмушка чыкканда, тоюна Орусиянын президенти Владимир Путин да барып, экөө вальс бийлеген.

Австрия өкмөтүндө Кнайсль расмий Москва менен мамилени оңдоону жактаган ашынган оңчулдардын “Эркиндик” партиясынын өкүлү болгон. Ал 2021-жылы “Роснефть” компаниясынын Директорлор кеңешине мүчө болуп, 2022-жылы майда андан чыккан.

Экс-министр былтыр июль айында The Washington Post басылмасына өзүнүн коопсуздугунан чочулап өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген, бирок коркунуч кайдан жаралганын тактаган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG