Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:15

Орусия саясат таануучу Кагарлицкийди "экстремисттердин" тизмесине киргизди


 Саясат таануучу Борис Кагарлицкий.
Саясат таануучу Борис Кагарлицкий.

Росфинмонитироннг социолог, саясат таануучу Борис Кагарлицкийди "экстремисттердин жана террористтердин" тизмесине киргизди. Кагарлицкий өзү июль айынан соңунан бери Сыктывкардагы убактылуу кармоочу жайда "террорчулукту актоо иши" боюнча отурат.

Федералдык коопсуздук кызматы Кагарлицкийди "Интернетти пайдалануу менен террорчулукка чакырык жасаган" деп айыптоодо.

Кагарлицкийдин жактоочусу Сергей Ерохов кылмыш ишин козгоого саясат таануучунун аннексияланган Крымдагы көпүрөдөгү жардыруу боюнча социалдык тармактарга жазган билдирүүсү шылтоо болгонун айтууда.

Былтыр 8-октябрда телеграм-каналга калтырган билдирүүсүндө Кагарлицкий «аскердик көз караштан алганда жардыруунун мааниси түшүнүктүү: жабдуу менен көйгөй жаралат» деп жазган.

64 жаштагы Борис Кагарлицкий- социолог, политолог, Глобализация жана социалдык кыймылдар институтунун директору.

2022-жылы чет элдик агенттердин тизмесине киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG