Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:54

Сауд Арабиясы кыргызстандыктарга конок визасын бере баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сауд Арабия Кыргызстанды конок визасы бериле турган өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 7-августта билдирди.

Электрондук виза бир жылдык мөөнөткө берилет. Визанын бул түрүн алгандар Сауд Арабиянын аймагына көп жолу кирип, 90 күнгө чейин жүрсө болот.

Конок визасы туризмге байланыштуу иш-чараларга катышууга, жарандардын үй-бүлөсүнө жана туугандарына барууга, эс алууга жана умра зыяратын аткарууга (ажылыктан тышкары) мүмкүнчүлүк берет. Бирок мындай виза окуу жана иштөө максатында кирүүгө берилбейт. Жарандар конок визасын онлайн портал аркылуу жана Сауд Арабиясынын эл аралык аэропортторунан ала алышат.

Кыргызстандын Саудиядагы элчилиги кыргыз жарандарын ал жакка баруудан алдын өлкөдө жүрүү эрежелери жана шарттары менен таанышып алууга чакырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG