Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:51

XVI эл аралык айтыштын тандоо туру өттү


Төкмө акындар Асылбек Маратов жана Кадырбек Бейшенов. 7-август, 2023-жыл.
Төкмө акындар Асылбек Маратов жана Кадырбек Бейшенов. 7-август, 2023-жыл.

Бүгүн, 7-августта борбордогу “Манас” кинотеатрында Кыргыз Республикасынын эгемендик күнүнө карата жана ойчул, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI эл аралык айтыштын тандоо туру өттү. Ага өлкө боюнча 37 акын катышып, 8 акын кийинки баскычка жолдомо алышты. Алар: Азамат Болгонбаев, Баян Акматов, Акматбек Султан уулу, Чыңгызхан Кожошев, Изат Айдаркулова, Асылбек Маратов, Кубат Тукешов жана Кутман Садыбакасов.

Тандоодон өткөн төкмөлөр 30-31-августта Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында саат 18:00дө Казакстан, Өзбекстан, Монголиядан келген төкмө акындар менен айтыш курушат.

XVI эл аралык айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Улуттук “Манас” театры, Президенттин Баткен жана Ош облусундагы өкүлчүлүктөрү, “Айтыш” коомдук фонду жана “Молдо Нияз мурастары” коомдук фонду биргеликте уюштурууда. Айтыштын байге фонду 3 миллион сом. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG