Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:04

Акжол Махмудов Сербиядагы эл аралык турнирде алтын медаль алды


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы эл аралык турнирде алтын медаль алды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин билдиришинче, бул таймашта ал венгриялык балбандар Золтан Левай менен Аттила Тосмагини жеңип финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште учурдагы дүйнөнүн чемпиону, 27 жаштагы Орусия чемпионатынын коло байге ээси Адлет Тюлюбаевди утту.

Акжол Махмудов ушул жылдын апрель айында Казакстандын борбору Астанада шаарындагы беттеште Азиянын 3-жолку чемпиону болгон. Ал Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Дүйнө чемпиону.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG