Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:17

Ала-Арча суусуна агып кеткен атасы менен кызынын сөөгү табылды


Куткаруучулар сегиз жаштагы кыздын сөөгүн суудан алып чыгууда
Куткаруучулар сегиз жаштагы кыздын сөөгүн суудан алып чыгууда

Ала-Арча паркындагы дарыяга агып кеткен Борис Михайловдун жана анын сегиз жаштагы кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-августта саат 15:30да куткаруучулар атасынын сөөгүн, бир нече саатка созулган издөө иштеринен кийин кызынын да сөөгүн суудан таап чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Борис Михайлов кызы менен Ала-Арча паркына 3-августта кеткен. Ошондон бери алардын дайыны чыкпай жаткан.

Өткөн айда Аламүдүн суусуна түшүп кеткен бир жашар кызын куткарам деген жаш келин мерт болгон. Кызынын сөөгү бир аптадан кийин табылган.

Буга чейин аталган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйүп жатканын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 70тен ашык адам сууга чөгүп каза болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу бери дегенде 25% көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG