Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Киевдеги “Мекен-эне” монументиндеги СССРдин герби алмаштырылды


"Мекен-эне" монументиндеги калканга Украинанын символу болгон үчүлүк айры орнотулду.
"Мекен-эне" монументиндеги калканга Украинанын символу болгон үчүлүк айры орнотулду.

Киевдин борборундагы монументтеги калканга СССРдин гербинин ордуна Украинанын расмий символу болгон үчүлүк айры орнотулду.

“Мекен-эне” ("Родина-мать") монументине Украинанын гербин 5-августта орното башташкан. Анда үчүлүк айры 24 метрге чейин көтөрүлгөн. Гербди алмаштыруу иштери июлдун аягында башталган.

1981-жылы тургузулган монумент Украинанын Улуттук тарыхый музейинин аймагында жайгашкан. Ал Европадагы эң бийик скульптура деп эсептелет. Монументтин аталышын “Украина-эне” деп өзгөртүү пландалууда. СССРдин герби музейге жөнөтүлөт.

Монумент жөнүндөгү чечим Украинанын 2022-жылы 6-майда кабыл алынган десоветизация (советтик мурастан арылуу) мыйзамында камтылган эмес. Киевдин көпчүлүк тургундары аны совет маалындагы эстелик катары эмес, шаардын символдорунун бири катары кабылдап келген. Бирок Орусиянын толук масштабдуу согушунан соң сурамжылоо жүргүзүлүп, ага катышкан 780 миң кишинин 85% монументтеги калканда жайгашкан гербди алмаштыруу идеясын колдогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG