Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:11

Ала-Арча суусуна чөккөн адамдын сөөгү табылып, кызын издөө уланууда


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйүп жатканын билдирген. Архивдик сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйүп жатканын билдирген. Архивдик сүрөт.

Бишкектин четиндеги Ала-Арча паркындагы дарыяга чөгүп кеткен Борис Михайлов аттуу адамдын сөөгү табылды, ал эми анын сегиз жашар кызын издөө уланып жатат. Бул тууралуу кырсыктаган үй-бүлөнүн жакындары кабарлады жана куткаруучулар, издегендер аз болуп жатканын айтып, ыктыярчылардын жардамына муктаж экенин, дрон керектигин билдирди.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча маалымат бере элек.

Борис Михайлов кызы менен Ала-Арча паркына 3-августта кеткен. Ошондон бери алардын дайыны чыкпай жаткан.

Өткөн айда Аламүдүн суусуна түшүп кеткен бир жашар кызын куткарам деген жаш келин мерт болгон. Кызынын сөөгү бир аптадан кийин табылган.

Буга чейин аталган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйүп жатканын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 70тен ашык адам сууга чөгүп каза болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу бери дегенде 25% көп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG