Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:36

Орусия авиациялык “Мотор Сич” заводун ракета менен аткылады


"Мотор Сич" дүйнөдөгү алдыңкы авиациялык заводдордун бири.
"Мотор Сич" дүйнөдөгү алдыңкы авиациялык заводдордун бири.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-августтагы кечки кайрылуусунда Орусиянын армиясы өлкө аймагын, анын ичинде авиациялык “Мотор Сич” заводун ракета менен аткылаганын билдирди.

Анда “Кинжал”, “Калибр” үлгүсүндөгү ракеталар колдонулганын, алардын бир бөлүгү атып түшүрүлгөнүн айтты.

Мунун алдында Запорожье облусунун администрациясы жарылуулар болгонун кабарлаган. Соккунун кесепети тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

“Мотор Сич” - аталган облуста жайгашкан жана авиациялык, өндүрүштүк газотурбиналык кыймылдаткычтарды, тик учактарды чыгарган дүйнөдөгү негизги заводдордун бири.

Анда жасалган “Ми” үлгүсүндөгү тик учактардын кыймылдаткычтарын буга чейин Орусия дагы сатып алып келген. Бул заводдо ошондой эле “Ил” жана “Ан” үлгүсүндөгү учактардын кыймылдаткычы жасалчу.

Былтыр октябрда "Мотор Сичтин" ошол кездеги директору Вячеслав Богуслаев "мамлекеттик чыккынчылыкка" айыпталып кармалган.

Украинанын атайын кызматы анда ал өлкө үчүн агрессор мамлекет – Орусияга маалыматтарды сатып, иштеген деген кине койгон. 84 жаштагы Богуслаев аны айырбашталуучу туткундар тизмесине киргизүүнү өтүнгөнү айтылган. Киев аны "миңдеген украиналыктарга" алмаштырууга макул болорун айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG