Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Чуңкурчак жайлоосунда “Кымыз” фестивалы башталды


Чуңкурчактагы "Кымыз" фестивалы.
Чуңкурчактагы "Кымыз" фестивалы.

Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда 5-августта “Кымызфест- 2023” фестивалы өтүп жатат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын ар аймагынан келген кымыз жана сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн жармаңкеси уюштурулган.

Жармаңкенинин алкагында улуттук оюндар болот жана ал концерттик программа менен коштолот.

Уюштуруучулардын маалымдашынча, фестиваль маданият аркылуу Кыргызстанга туристтерди, инвесторлорду кызыктыруу, сүт азыктарын өндүргөн ишкерлерди колдоо максатын көздөйт.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ар аймактан келген жүздөгөн мейман катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG