Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:47

Алексей Навальный дагы 19 жылга эркинен ажыратылды


Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный сотто. Видеодон алынган кадр. 4-август, 2023-жыл.
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный сотто. Видеодон алынган кадр. 4-август, 2023-жыл.

Москва шаардык соту оппозициячыл саясатчы, түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан Алексей Навальныйды 19 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн 4-августта чыгарды.

47 жаштагы Навальный отурган түрмөдө өткөн көчмө соттун жыйынында саясатчы Кылмыш жаза кодексинин алты беренеси, анын ичинде "экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо", "экстремизмге чакыруу", "жашы жете электерди кооптуу иштерге азгыруу" жана "нацизмди реабилитациялоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Мунун баары Навальныйдын Коррупцияга каршы фондунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Фонд 2021-жылы Орусияда экстремисттик деп табылган.

Навальный өзү деле 3-августта тарапташтары аркылуу тараткан кайрылуусунда сот аны "сталиндик мөөнөткө" кесерин боолгологон эле.

"Эсептин формуласы эң жөнөкөй. Прокурор сураган мөөнөттүн 10-15% кыскартып коюшат. 20 жыл сурашты, 18 жылдай берет", - деген Навальный муну менен бийлик анын тарапташтарын коркутууну көздөп жатканын кошумчалады.

Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG