Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

АКШ Ормуз кысыгы аркылуу өтчү кемелерге аскерлерди жайгаштырышы мүмкүн


Кошмо Штаттар Ормуз кысыгы аркылуу өтчү коммерциялык кемелерге аскерлерди жайгаштырууну караштырып жатат. Бул тууралуу Associated Press өз булактарына таянып жазды. АКШ муну менен Ирандын жарандык кемелерди токтотуп же алардын артынан сая түшүүсүнүн алдын алгысы келет.

Расмий адамдар бул пландын чоо-жайын ачыктаган жок. Болгону миңдеген америкалык аскерлер "Батаан" жана "Картер Холл" десанттык кемелери менен Перс булуңун көздөй багыт алганы маалым болду.

Ирандын БУУдагы элчилиги бул тууралуу Associated Press агенттигинин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген эмес.

АКШ аймакка буга чейин аскердик учактарын жана "Томас Хаднер" эсминецин жөнөткөн.

Расмий Тегеран аймак коопсуздукту сактоо үчүн "чет элдиктерге" муктаж эмес экенин билдирди. Ал эми Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу Перс булуңундагы талаштуу аралдарда күтүүсүздөн аскердик машыгууларды баштады.

АКШнын деңиз аскер күчтөрүнүн маалымдашынча, Иран 5-июлдун таңында стратегиялык Ормуз кысыгына жакын жерде мунай ташыган эки танкерди басып алууга аракет жасап, алардын бирин аткылаган.

Кооптуу абал туурасында белгиге АКШ күчтөрү жооп бергенден кийин Ирандын деңиз күчтөрүнүн кемелери артка чегинген.

Ормуз кысыгы - дүйнө жүзүндөгү эң маанилүү стратегиялык аймак болуп. Суюлтулган жаратылыш газынын үчтөн бир бөлүгү жана жалпы дүйнө керектеген мунайдын дээрлик 25% ушул кысык аркылуу өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG