Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Түркмөнстанда Түркиядан депортация болгон активист кесилди


Түркмөнстандык оппозициячыл активист, блогер Фархад Мейманкулиев. Архивдеги сүрөт.
Түркмөнстандык оппозициячыл активист, блогер Фархад Мейманкулиев. Архивдеги сүрөт.

Түркмөнстанда Бердымухамедовдордун режимин кескин сынга алып келген активист жана видеоблогер Фархад Мейманкулиев соттолду. Ал Түркияда кармалып, Ашхабадга депортацияланган. Бул тууралуу Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалына көз салган Хельсинки фонду билдирди.

Фархаддын айылдаштары укук коргоочуларга билдиргендей, активист 22 жылга эркинен ажыратылды. Ал кесилгени тууралуу маалыматты уюмдун дагы бир булагы ырастаган. Бирок ал Мейманкулиев 18 жылга эркинен ажыратылганын кабарлаган.

Фонддун маалыматына ылайык, активист Түркиядан май айында депортация болгон.

2019-жылы Фархадды Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугунда сабап кетишкен. Анда бир нече түркмөнстандык активист дипломатиялык мекеменин алдында нааразылык акциясына чыгышкан. Ошондо Мейманкулиевди консулдуктун имаратына алып кирип, токмоктоп салышкан.

Түркмөнстандын Стамбулдагы элчилиги бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

Түркияда 200 миңден ашык түркмөнстандык расмий катталган. Болжол менен 2 миллионго жакын түркмөнстандык мыйзамсыз жашап, эмгектенери айтылып келет.

Расмий Анкара былтыр сентябрда Ашхабаддын өтүнүчү менен түркмөн жарандары үчүн 30 күндүк визасыз режимди жоюп салган. Андан кийин өлкөдө мыйзамсыз жүргөн жүздөгөн түркмөн мигранттарын кармап, мекенине депортациялаган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG