Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:37

УКМК: Бишкекте кармалган жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү эки айга камалды


УКМК тараткан шектүүлөрдүн сүрөт.
УКМК тараткан шектүүлөрдүн сүрөт.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда азиат түспөлүндөгү адамдарды видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган үч адам эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-августта кабарлады.

Алардын бөгөт чарасы тууралуу чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алганын билдирди. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат аталган топтун мүчөлөрү кармалганын 2-августта маалымдаган. Анда айтылгандай, алар С.Б.М., Н.Р.В. жана С.Г.Р аттуу Бишкек жана Чүй облусунун тургундары. УКМК кармалгандар өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонгонун, тергөө иш-чараларынын алкагында алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынганын тактаган.

Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу беренеси” (330-беренеси) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында колго түшкөн.

Учурда жашыруун улутчул топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG