Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:01

Бишкек шаардык соту "Вефа" соода борбору боюнча чечим чыгарды


"Вефа" соода борбору.
"Вефа" соода борбору.

Бишкек шаардык соту “Вефа” соода борборунун 2017-жылдагы алып-сатуу келишиминин мыйзамсыз экенин таануу боюнча арызды канааттандырган чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" 3-августта билдиргендей, отурум 25-июлда болгон.

Буга чейин 12-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту түрк өкмөтүнө караштуу “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” компаниясынын арызын карап, канааттандырган. Анда 2016-жылы 29-февралда мүлктү азыр соода борборго ээлик кылган “Аруу Жылдыз” компаниясына өткөрүп берүү боюнча макулдашууну, жер участогун убактылуу пайдалануу боюнча алды-сатты келишимин 2017-жылдын 20-январынан кийин мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү келтирилген.

“Аруу Жылдыз” компаниясы райондук соттун 12-майдагы отуруму тууралуу маалыматты 15-майда алышканын, бул ишти жаңыдан кароого негиз жок болгонун билдирип чыкты. Ошондой эле сот чечим кабыл алууда "Аруу Жылдыздын" жүйөлөрүн эске албаганын, “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” компаниясынын келтирген маалыматтары чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

Бишкектеги "Вефа" соода борборун түркиялык "Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет" компаниясы 2006-жылы курган. 2016-жылы февралда “Аруу Жылдыз” жоопкерчилиги чектелген коому менен “Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет” компаниясы мүлктү ага өткөрүп, уставдык капитал түзүү боюнча макулдашууга кол коюшкан. Ошентип, “Вефа” соода борбору “Аруу Жылдыз” ишканасынын карамагына өткөн.

Ошол жылы июль айында Түркияда төңкөрүш аракети болгону жарыяланып, “Гүлен” кыймылына таандык ишкерлердин мүлктөрүнүн катарында “Өзгүн иншаат” компаниясы да түрк бийлигине өткөрүлгөн.

Туура бир жылдан кийин, 2017-жылдын июлунда түрк өкмөтүнө карап калган “Иншаат” компаниясы “Вефа” соода борбору анын курамынан мыйзамсыз чыгарылып, арзанга бааланып, сатылып кеткен деген негизде сотко кайрылган. "Аруу жылдыз" менен болгон алды-сатты келишимин жокко чыгарууну, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG