Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Айыл чарба министрлиги Орто-Токой суу сактагычы боюнча маалымат берди


Орто-Токой суу сактагычы.
Орто-Токой суу сактагычы.

Быйыл Орто-Токой суу сактагычында 470 млн куб суу топтолду. Суу сугат иштери үчүн апрелдин ортосунда коё берилген, ушул тапта 8,6 млн куб суу бар. Бул 2014-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч.

Мындай маалыматты Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев 3-августта маалымат жыйынында билдирди.

Ал быйыл Чүй облусунда сугат суу маселеси курч болуп, Орто-Токой суу сактагычына күч келгенин билдирди. Топтолгон суунун аз болушу жаан-чачынга байланыштуу экенин кошумчалады.

Сокеев социалдык тармактарда талкууланып жаткан “Орто-Токой суусунун Казакстанга берилип жатканы” жөнүндө маалыматка комментарий берип, “суу товар катары таанылбагандыктан, коңшу мамлекетке бир литр дагы суу сатылбай турганын” айтты.

“25 млн сомго же 179 млн теңгеге казак тарап жумуш жасап берип жатат. Казак тарапка вегетация учурунда 20% сууну Чу дарыясынан беребиз. Ал эми жалпы жыл ичинде Казакстандын үлүшү 42%, Кыргызстандыкы – 58%”, - деди Суу ресурстары кызматынын директору А. Сокеев.

Мекеме жетекчиси бул сандар өтө төмөн экенин айтып, бул жаатта коңшу мамлекет менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, суу сактагычтардан 1 млн гектар айдоо жерлердин 250 миң гектарына гана суу жетери, калган аянтка суунун топтолгон көлөмүнө жараша болору айтылды. Сокеев өлкө аймагында суу сактагычтарды көбөйтүү зарыл экенин белгиледи.

Быйыл Кыргызстанда сугат суу көйгөйү курч болду. Өлкө аймагындагы сугат суунун көлөмү эки жыл мурдагыга караганда эки эсе аз. Бул Чүй жана Талас облустарында да сезилип, дыйкандарды түйшүккө салды.

Ысык-Көл менен Нарын облустары чектешкен жерде жайгашкан Орто-Токой суу сактагычы - 1956-жылы курулган Кыргызстандагы эң биринчи суу сактагыч. Ага Чүй дарыясы куят. Узундугу 18 чакырымга жетет, суунун көлөмү 4700 миллион куб метр. Орто-Токой өлкөнүн түндүк аймактарын суу менен камсыздайт жана 25 % Казакстанга берилет.

Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 миң гектар жерди сугарууга колдонулат. (Nba/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG