Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Кыргызстанда соттолуп, Дүйшөмбүгө экстрадицияланган тажикстандыктар абактан бошотулду


Абдурозик Абдукаххоров жакындарынын коштоосунда. "Озоди" радиосу жарыялаган сүрөт.
Абдурозик Абдукаххоров жакындарынын коштоосунда. "Озоди" радиосу жарыялаган сүрөт.

Тажик бийлиги Кыргызстанда соттолуп, кийин Баткенден Хужандга өткөрүп берилген тажикстандык жарандарды бошотту. Бул тууралуу 2-августта "Озоди" радиосу кабарлады.

Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Явандагы түрмөдөн 28-июлда чыкканы маалым болду. Абдукаххоров "Озоди" радиосуна билдиргендей, алар тийиштүү мекемелерге көп жолку кайрылуулардан кийин акталышты.

"Тажикстандын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү Яван түрмөсүнө келип, тажик президенти өз буйругу менен бизди бошотконун жана соттуулугубузду алганын айтышты. Биз абдан ыраазыбыз, балдарыбызга кайтканыбызга кубанычтабыз. Түрмөдөн чыккандан кийин үйгө жетип алыш үчүн акча беришти", - деди ал.

Тажикстандын эки жараны Абдурозик Абдукаххоров жана Аскар Юнусов өткөн жылы чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин "талап-тоноого катышып, элдин тынчтыгын бузган" деген шек менен кармалган.

Сентябрда аларды Лейлек райондук соту өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. Аларга Жазык кодексинин 380-беренеси – “Тынчтыкка каршы кылмыштар” жана 391-беренеси – “Мародёрлук” боюнча айып тагылган. Кийинчерээк Баткен облустук соту Абдурозик Абдукаххоров жана Аскар Юнусовдун жаза мөөнөтүн жеңилдетип, 20 жылга абакка кесүү чечимин чыгарган.

Абдукаххоров менен Юнусовдун туугандары соттун өкүмүн адилетсиз деп аташкан.

Ушул жылдын 27-майында Кыргызстан менен Тажикстандын башкы прокурорлору Баткен шаарында өткөн жолугушууда соттолгон жарандарды жаза мөөнөтүн өз мекенинде өтөө үчүн өткөрүп берүүнү макулдашканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG