Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

"Эл үмүтү" стипендиясына 13 студент тандалды


Президент Садыр Жапаров эң мыкты студенттерге президенттик стипендияларды тапшырган учур. Архив.
Президент Садыр Жапаров эң мыкты студенттерге президенттик стипендияларды тапшырган учур. Архив.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, "Эл үмүтү" стипендиясына студенттерди тандоо аяктады. Жыйынтыгында 13 студент тандалды.

Бул жылы стипендия Колумбия, Сассекс, Стэнфорд, Гарвард, Висконсин-Мэдисон, Эдинбург, Сеул улуттук университети жана башка чет мамлекеттердеги окуу жайларга тапшырып, магистратурага өткөн жана докторлукту жактай турган студенттерге берилет.

Быйыл "Эл үмүтү" стипендиясына 17 студент талапкер болгон. Былтыр бул программага 8 талапкер тандалып алынып, жалпы 30 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Бул жылы канча каражат бөлүнгөнү айтыла элек.

Сынак жарыялангандан бери жалпысынан 63 киши "Эл үмүтү" стипендиясына арыз тапшырган. 45инин арызы талапка жооп берген эмес, бирөө баш тарткан.

Президент Садыр Жапаров былтыр май айында "Эл үмүтү" деп аталган эл аралык стипендиясын түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Берилчү акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталат жана жылына 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.

“Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына тандоо 4-августта башталган. Бирок анын шарттары, акча төлөп берүү системасы боюнча кайчы пикирлер чыккан.

Кыргызстандык студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда "XXI кылымдын кадрлары" деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер университетти бүтүргөн соң Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу. Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG