Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

Мандат чыры: сот Фархат Исмаиловдун арызын канааттандырган жок


Фархат Исмаилов.
Фархат Исмаилов.

Бишкек шаардык административдик соту 3-августта Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык административдик соттун басма сөз кызматы билдирди.

Соттун чечими боюнча Исмаилов комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Анын алдында Билим берүү жана илим министрлиги дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

Эки депутат БШКнын чечими боюнча сотко арызданган.

Фарходбек Алимжановдун арызы Бишкек шаардык административдик сотунда 4-августта каралат.

Былтыр апрель айында Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов болсо жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарды жасай турганын билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG