Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:43

"Мегакомдун" мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов үй камагына чыкты


"Альфа Телекомдун" мурдагы директору, коррупцияга шек саналып кармалган Азат Базаркулов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, райондук сот Базаркулов менен бирге ишкананын IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси Д.Б.Б. менен дагы бир өкүлү П.М.А.нын бөгөт чарасын 31-июнда караган. Аларды үй камагына чыгарууну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү өтүнгөн. Аты аталган үч киши тергөөнүн жүрүшүндө 6 млн. 710 миң сомго жакын келтирилген материалдык зыянды атайын кызматтын депозиттик эсебине которушкан.

Азат Базаркулов коррупцияга шек саналып кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы 27-июнда кабарлаган. Мекеменин маалыматында, “Мегакомдун” жетекчилиги жеке компаниялар менен сүйлөшүп, тендерлерде аларга артыкчылык берип турганы аныкталганы айтылат. Андан тышкары мекемеге техника кымбат баада сатып алынып, мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени жазылган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.

Базаркуловдун иши боюнча анын адвокаттары, жакындары азырынча комментарий бере элек.

Калган жетекчилер марттын соңунда кармалган. Алар тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, IT жабдууларын жогорулатылган баада сатып алган деп айыпталган.

Азат Базаркулов буга чейин “Мегаком” компаниясына эки жолу: 2012-2018 жана 2021-2022-жылдар аралыгында директор болгон. Ал "Акнет" жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору болуп иштеген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG