Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:58

Кытайдын Hikvision компаниясы уйгурлардын жүзүн аныктаган видеокамералар үчүн 6 млн $ алган


Кытайдын уйгурларды басмырлоосуна каршы чыккан демонстрант. Стамбул. 1-октябрь, 2019-жыл.
Кытайдын уйгурларды басмырлоосуна каршы чыккан демонстрант. Стамбул. 1-октябрь, 2019-жыл.

IPVM иликтөө тобунун колуна тийген келишимге ылайык, Кытайдын Hikvision компаниясы уйгурлардын жүзүн тааныган программа чыгарууну улантып, бул үчүн алты миллион доллар алган.

Hikvision - видео көзөмөл системаларын чыгарган дүйнөдөгү эң чоң фирма. Ал буга чейин уйгурларды аныктай алган функциясы бар камераларды Шинжаңга жеткирип турганы үчүн АКШнын санкциясына кабылган. Кийин компания уйгурлардын жүзүн тааныган программасы иштеп чыкканын билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, ушу тапта Шинжаңда бир миллиондой уйгур жана мусулман азчылыктарынын башка өкүлдөрү "кайра тарбиялоочу" атайын лагерлерде кармалып турат. Кытай бийлиги ал жайларды "тил жана кесип үйрөтүүчү" борборлор деп атайт.

Hikvision компаниясынын видеокамералары Татарстанда, Казакстанда орнотулган. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Бишкекте 500дөн ашуун адамдын жүзүнөн таануучу камералар иштей баштаганын 1-февралда билдирген.

Министрлик өлкөдө орнотулуп жаткан видео камералар кай жактан келгени тууралуу маалымат берген эмес. Айрым маалыматтарга караганда, булардын арасында Hikvision компаниясынын да видеокамералары болушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG