Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:56

Орусия Балтика деңизинде аскердик машыгууларын баштады


Орусиянын "Москва" деп аталган крейсери Кара деңизде артиллериялык аткылоону ишке ашырууда. 18-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын "Москва" деп аталган крейсери Кара деңизде артиллериялык аткылоону ишке ашырууда. 18-февраль, 2022-жыл.

Орус бийлиги 2-августта Балтика деңизинде кезектеги аскердик машыгуулары башталганын жарыялады. Ага 50дөй кеме жана 30дай учак тартылды. "Океан калканы-2023" деп аталган машыгууда алты миңдей деңиз аскери катышып жатканын Коргоо министри билдирди.

Иш-чара Украинадагы согуштан улам Орусия менен Европа мамлекеттеринин ортосунда чыңалуу курчуп турган маалда өтүп жатат.

Министрлик тараткан маалыматта жалпысынан курал колдонуу менен 200дөй көнүгүү аткарылары айтылган.

30-июлда Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында аскердик жана атомдук суу алдында жүрүүчү кемелердин парадына катышкан. Жыл сайын өтүүчү бул иш-чарада быйыл 45тей кеме көрсөтүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG