Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:45

WSJ: Согушта 50 миңден ашык украиналык колу-бутунан ажырады


Украиналык дарыгерлер жараат алган жоокерге медициналык жардам көрсөтүп жатышат.
Украиналык дарыгерлер жараат алган жоокерге медициналык жардам көрсөтүп жатышат.

Украинадагы согуш башталган 17 айдан бери 50 миң украиналык колунан жана бутунан ажырап майып болуп калганын The Wall Street Journal басылмасы протез чыгарган Ottobock немис компаниясына жана анын өнөктөштөрүнө таянып жазды.

Басылманын маалыматында майыптык алгандардын саны мындан көп болушу мүмкүн экени, анткени протездерди койдурууга белгилүү бир убакыт талап кылынары, ошондой эле жараат алгандардын айрымдары кезек күтүп жатканы айтылат.

Андан тышкары протездердин баасы 50 миң еврого чейин турат жана украин бийлиги жараат алган ар бир жоокерге 20 миң евро төлөп берет. Ал эми жайкын тургундардын баарында эле протез койдурууга шарты туура келбегени үчүн кайрымдуулук уюмдарына кайрылууга аргасыз болушат.

Ушундай уюмдардын бири – Киевдеги Houp Foundation фондунун эсебинде согушта олуттуу жараат алгандардын саны 200 миңге жетет. Алардын 20 миңине ампутация кылуу керектиги айтылат.

Украин бийлиги Кремль сыяктуу эле өзүнүн согуштагы аскерлерин жоготкону боюнча маалыматтарды жашырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG