Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40

АКШнын экс-президенти Дональд Трампка жаңы айып тагылды


Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда. Архивдик сүрөт.
Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда. Архивдик сүрөт.

АКШнын экс-президенти Дональд Трампка кылмыш иштин алкагында жаңы айып тагылды. Ал Трамптын 2020-жылкы президенттик шайлоодо жеңилгенин тааныбаганына байланыштуу экенин америкалык басылмалар жазып чыкты.

Юстиция министрлигинин атайын прокурору Жек Смит иликтеп жаткан иштин айыптоо корутундусунда төрт пункт бар. Анын ичинде Трамп президент Жо Байдендин жеңишин Конгрессте тастыктоого жол бербөө үчүн кутумга аралашканы тууралуу айып бар.

Кутумдун максаты “президенттик шайлоодо жыйналуу, эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын сертификациялоону бузуу” болгону айтылат.

Айыптоодо айтылгандай, Дональд Трамп добуштарды эсептөөдө атайылап туура эмес маалыматты колдонуп, бир нече штаттарда расмий адамдарга басым көрсөткөн. Ал ошондой эле вице-президент Майк Пенсти бир нече штатта тандоочулардын добушун тааныбоого ишендирүүгө аракет кылган.

2021-жылдын 6-январында Трамп катышкан митингден кийин анын тарапкерлери АКШнын Капитолийине басып кирген. Алар Конгресстин Байдендин жеңишин бекитишине тоскоолдук кылууга аракет кылышкан.

Айыптоо корутундусу жарыялангандан кийин Дональд Трамптын шайлоо штабы муну “Башкы прокуратуранын шайлоо процессине таасир этүү аракети” деп атады. Трамп болсо өз тарапкерлерин тескерисинче тынч каршылыктарга чакырганын айтты.

Бул мурдагы президентке козголгон экинчи кылмыш иши. Дональд Трампка мындан сырткары “улуттук коопсуздукка байланыштуу документтерди үйүндө мыйзамсыз сактаган жана ал документтерди кайтарууга аракет кылган коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө калп айткан” деген айып тагылган.

Былтыр августта Трамптын Палм-Бичтеги үйүндө “жашыруун” грифи коюлган 100дөй документ табылган. Прокурорлор 2021-жылы 45-президент Ак үйдөн кетип жатканда документтерди мыйзамсыз жок кылганбы же жокпу, ал өзү же башкалар федералдык иликтөөгө бөгөт койгон-койбогонун иликтешти.

Дональд Трамп АКШнын тарыхында айып тагылган биринчи экс-президент болуп калды. Трамп өзү соттук иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып, 2024-жылы Ак үйгө кайтып келүү кампаниясын улантууну убада кылууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG