Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:49

Кытай сентябрдан тарта дрон экспортун чектейт


DJI деп аталган кытайлык компания чыгарган Mavic Pro дрону. Иллюстрациялык сүрөт
DJI деп аталган кытайлык компания чыгарган Mavic Pro дрону. Иллюстрациялык сүрөт

Кытай 1-сентябрдан баштап учкучсуз аппараттардын экспортуна убактылуу чектөө киргизерин билдирди. Соода министрлиги кабарлагандай, жаңы эреже улуттук коопсуздукту коргоо максатында кабыл алынды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Чектөөгө ошондой эле салмагы жети килограммдан ашкан жарандык дрондор, учкучсуз аппараттардын тетиктери жана аларды чыгарууда колдонулган жабдыктар да кабылды.

Чет өлкөгө дрондордун атайын лицензия алып гана жөнөтсө болот. Соода министрлигинен ырасташкандай, бул аппараттарды азыр согуш максатында колдонуу тобокелчилиги бар.

Киевдин өнөктөштөрү Кытайды Орусияга согушттук аракеттерде колдонула турган товарларды жеткирип жатат деп айыптап келишет. Бээжин мындай дооматтарды четке кагууда.

Жакында эле "Верстка" басылмасы жазгандай, соңку алты айда Орусия санкцияларды буйтап өтүп, жалпы суммасы жарым миллиард долларды түзгөн Батыш компанияларынын чиптерин импорттогон.

Орусияга тыюу салынган товарлар негизинен Кытай, Гонконг, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия аркылуу реэкспорт болору кабарланган. Ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Өзбекстан дагы маанилүү роль ойноору иликтөөдө белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG