Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

Херсондо ооруканага урулган ракеталык соккудан дарыгердин өмүрү кыйылды


Херсондогу орус армиясынын соккусунан жабыркаган оорукананын короосу. 1-август, 2023-жыл.
Херсондогу орус армиясынын соккусунан жабыркаган оорукананын короосу. 1-август, 2023-жыл.

Орус армиясынын 1-августта Украинанын Херсон шаарына урган ракеталык соккуларынын бири ооруканга тийди. Бир дарыгер мүрт кеткенин облустун аскердик администрациясынын жетекчиси Александр Прокудин билдирди.

Маалыматка караганда, снаряддар оорукананын хирургиялык жана кулак-мурун дарылоо бөлүмүнө тийген. Операция жасаган бөлмө толук талкаланган. Каза болгон жаш дарыгер интернатурадан кийин жаңы эле ишке чыкканы маалым болду. Учурда урандылар тазаланып, аткылоо маалында ооруканада жаткан бейтаптар текшерүүдөн өтүүдө.

Херсон шаарын 2022-жылдын күзүндө украин армиясы орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери дээрлик күн сайын бул калаа орус армиясынын аткылоосуна кабылууда. Соңку бир сутка ичинде облуста орус күчтөрүнүн чабуулдарынан төрт киши мерт кетти. 18 адам, анын ичинде бир бала жаракат алды. Херсон жана Берислав райондорунда карапайым тургундар жашаган үйлөр жана окуу жайдын имараты жабыркады. Херсон облусунун бийлиги билдиргендей, орус армиясы аскерлеринин ротациясын жүргүзүп алуу үчүн аткылоону күчөттү.

Согуштун башка багыттарында кармаш уланууда. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымдашынча, соңку суткада алардын күчтөрү орус армиясы менен 40 жолу бетме-бет кармаш өткөрүштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG