Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:13

Зордуктоого шектүүнү үй камагына чыгарган судья кызматынан кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Зордуктоого шектүү жаранды үй камагына чыгарган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун судьясы Абдисалам Мойдунов кызматтан кетти.

Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары Ак-Суу районунун тургунуна кошунасы кол көтөрүп, зордуктаганын жазган. Кылмышка шектүү райондук соттун судьянын чечими менен үй камагына чыкканы белгиленген.

Маалыматка караганда, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 1-августта коомчулуктун талкуусуна түшкөн бул окуяга байланыштуу ыкчам жыйын өткөргөн. Жыйынтыгында судья өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазган. Анын арызы Соттор кеңешине жөнөтүлдү.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган.

Укук коргоочулар бул катталган жана кылмыш иши козголгон гана иштер экенин белгилеп, сексуалдык ыдыкка жана зордуктоого кабылган аялдар милицияга кайрылууну каалабай турганын айтып келет. Жакында эле Жалал-Абадда 36 жаштагы келинди зордуктоого шектүү мурдагы милиция кызматкерин сот үй камагына чы​гарып жибергени нааразылык жараткан.

Кыргызстанда зордуктоого дуушар болгондордун укугу корголбой жатканы, укук коргоо органдарынан мамилеси тууралуу бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG