Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Автоунааны кайра каттоодо ОСАГОну кошуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы автоунааларды кайра каттоо учурунда алынган документтердин тизмесине ОСАГОну (милдеттүү камсыздандыруу полисин) кошууну сунуштоодо.

Буга байланыштуу мыйзам долбоору 31-июлда коомдук талкууга чыгарылды. Аталган мекеме калктын милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча жарандык-укуктук жоопкерчилиги төмөн болуп жатканын белгилеген.

Ошондуктан айдоочуларды ОСАГО полисин алууга түрткү берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу сунушталууда.

"Милдеттүү камсыздандыруу тутумун чыңдоо оң натыйжа берет, жарандарга жолдордо күтүүсүз кырдаалдар учурунда келтирилген зыяндын ордун өз убагында төлөп берүүгө, финансылык туруктуулукту сактоого, зыяндын ордун толтуруунун мамлекеттик эмес булагын түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп белгиленген документте.

Кыргызстанда автоунаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүк жарандар жана ишканалар айып пул төлөйт. Бул эреже 1-июлдан тартып күчүнө кирген. Башка өлкөдө катталган машинелер дагы 1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү керек болгон тизмеге кошулган. Автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) берүү лицензиясы 13 ишканага берилген.

Кыргызстанда катталган менчик автоунаалар 2024-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүлүшү зарыл.

Кыргызстанда автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Быйыл тийиштүү мыйзам күчүнө кирмек. Министрлер кабинети милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жыла турганын кабарлаган. Полис албаган катардагы айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынмак.

Бийлик бул автокырсыкка учурап, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтуруу, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек экенин айтууда.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, баа машиненин түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрүп турарын билдирген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG