Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:28

Литванын президенти Беларустагы «вагнерчилер» боюнча тынчсыздануусун билдирди


Литванын президенти Гитанас Науседа. Брюссель. 29-июнь, 2023-жыл.
Литванын президенти Гитанас Науседа. Брюссель. 29-июнь, 2023-жыл.

Литванын президенти Гитанас Науседа коңшу Беларуста орусиялык «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын жоочуларынан жайгашуусу боюнча тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, жалданма жоочулар өлкө коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратууда.

Науседа жалданма аскерлерди кимдир бирөөлөр Литва, Латвия жана Польшага каршы чагым уюштуруу үчүн колдонушу мүмкүн деп кооптонорун айтты. Ал ошондой эле вагнерчилер Евробиримдиктин аймагына мигрант катары кириши ыктымал деди.

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Беларуста турган "Вагнер" жеке аскер компаниясынын жүздөн ашык жоочусу Польша менен Литвага чектеш Сувалки коридоруна жеткирилгенин 29-июлда билдирген.

Өткөн аптада Польша Куралдуу күчтөрүнүн санын дээрлик эки эсе көбөйтүүнү чечкени маалым болгон. Ошондой эле Варшава аскерлеринин бир бөлүгүн чыгыштагы чек арасына которууну чечкени айтылган.

"Вагнер" менчик аскер компаниясынын жоочулары Беларуска Орусиядагы "куралдуу козголоңдон" кийин көчө башташкан. Орусиянын аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24 июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Ал орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон.

Орусиянын бийлиги куралдуу жүрүшкө чыккандарга карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, ал эми "вагнерчилердин", анын ичинде Пригожиндин Беларуска чыгып кетүүсүнө жол берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG