Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Киев бир аптада 15 чарчы чакырым орус күчтөрүнөн бошотулганын билдирди


Запорожье облусунда украин аскерлери орус армиясынын турумдарына сокку уруп жатат. 24-июнь, 2023-жыл.
Запорожье облусунда украин аскерлери орус армиясынын турумдарына сокку уруп жатат. 24-июнь, 2023-жыл.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр 31-июлда билдиргендей, соңку бир аптада украин аскерлери өлкө чыгышында жана түштүгүндө 15 чарчы чакырым аймакты орус күчтөрүнөн тазалады.

Телеграмга жазган билдирүүсүндө, ал контрчабуул башталган өткөн айдан бери украин армиясы өлкө түштүгүндө 204,7 чарчы чакырым аймакты кайтарганын кошумчалады.

Украин расмийлери контрчабуул алар ойлогондой тез жүрбөсө дагы, акырындап прогресс жетишилип жатканын билдирип келишет. Өткөн жумада Старомайорское айылы бошотулганы кабарланган.

27-июлда The New York Times басылмасы Пентагондогу булактарына таянып, украин армиясы контрчабуулдун негизги баскычын баштаганын жазган.

Андагы маалыматка караганда, Украинанын түштүк-чыгышындагы контрчабуулга атайын машыгуудан өткөн аскерлер жана батыш техникасы тартылган. Алардын көбү буга чейин резервде кармалып турган.

Орус күчтөрү Украинанын аймагын ракета менен аткылоону улантып жатат. 31-июлда Кривой Рогго жасалган аба чабуулдан беш карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Арасында 10 жаштагы секелек кыз жана анын энеси бар. Жетимиштен көп киши жаракат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Айрымдарынын абалы оор.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG