Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:48

Ташкентте мыйзамсыз диний мектептин окуучусу бешинчи кабаттан боюн таштады


Өзбекстандагы диний билим берүү тууралуу тасмадан алынган кадр.
Өзбекстандагы диний билим берүү тууралуу тасмадан алынган кадр.

Ташкентте мыйзамсыз диний мектептин окуучусу мугалиминен качып баратып бешинчи кабаттан секирген. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Шайхантахур районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде мыйзамсыз ачылган диний мектептин мугалими жашы жете электерге уруп-сабап сабак өтчү экен.

Мугалимдин токмогунан качкан бала терезеден секирген. Ал бир топ жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, диний билими жок 28 жаштагы адам 1-июлдан баштап батиринде мыйзамсыз чакан медресе ачып, ар бир баладан 17 доллардан алып диний сабак бере баштаган.

Батирден ар кандай диний китептер табылды. Мыйзамсыз сабак өткөн жаран 15 суткага камалды. Балдардын ата-энелери дагы административдик жоопкерчиликке тартылды.

Андан тышкары учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Жакында Кыргызстандын Сузак районунда мыйзамсыз, жашыруун иштеп жаткан эки медресенин (хужра) ишмердиги токтотулганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирген.

УКМКнын маалыматына караганда, медреселерде сабактарды диний билими жок мугалимдер өтүп келгени аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG