Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

"Социалдык келишим" долбоору: мыктылар курултайга чогулат


"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы сертификат
"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы сертификат

Бишкекте сентябрь айында "Социалдык келишим" долбоорунда ийгиликке жеткен жарандардын республикалык курултайы өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, учурда жер-жерлерде аймактык курултайлар өткөрүлүп жатат жана анда тандалган делегаттар "Жаңы кадам" деп аталган республикалык съездге чакырылат.

Министр Кудайберген Базарбаевдин билдиришинче, жалпысынан 13 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. "Социалдык келишим" түзгөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү (95%) аялдар. Соңку 1,5 жылдын ичинде 26 миңден көп жумушчу орун түзүлдү.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров ушул айдын башында аталаган министрлигинин коллегиясында "Социалдык келишим" долбооруна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.

Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып ишке ашырылып жатат. Былтыр 2800 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон акча берилген.

Долбоордун катышуучусу "Үй-бүлөгө көмөк" же балдардын жөлөк пулунан баш тартат. Үч ай аралыкта жөлөк пул берүү токтотулат. Анын ордуна 100 миң сом сертификат берилет. Акчаны алган адам аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алууга өтүнүч берүүгө укуктуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG