Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

Британияда Жусупов менен Боулер кыргыз мигранттары менен жолукту


ТИМ тараткан сүрөт.
ТИМ тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Британиядагы элчиси Улан Жусупов менен Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер Англияда утурумдук жумуштарда иштеп жаткан кыргызстандык жарандардан кабар алды.

Тышкы иштер министрлиги элчилер бул өлкөнүн түштүгүндөгү бир катар фермаларды кыдырганын билдирди.

"Эки өлкөнүн элчилери Кыргызстандын жарандарынын ишиндеги жана тиричилик шарттарынын, коопсуздук эрежелеринин сакталышы менен таанышып, түшүмдү жыйноо жана иреттөө жайларын карап чыгышты. Британ тарап Кыргызстандан келген жумушчулардын мыкты жактарын, мисалы, эмгекчил, жоопкерчиликтүү экенин жана адамдык сапаттарын белгилеп, миграция эрежелерин так сактоого чакырды", - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандан Британияга быйыл утурумдук жумуштарга 5230 адам жөнөтүлгөнү маалымдалган. Быйылкы жылга жалпысынан 8 миң квота бөлүнгөн.

Лондон өткөн жылы Кыргызстанга миң жумуш ордуна квота берген. Жумушчуларды тандоо, алар менен офлайн аңгемелешүүнү Британиянын Pro-Force компаниясы өзү жүргүзөрү маалымдалган.

Өткөн айда министр Базарбаев кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылууга байланыштуу дагы башка Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG