Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28

Италиянын коргоо министри Кытай долбооруна кошулган өкмөттү сындады


Гуидо Крозетто
Гуидо Крозетто

Италиянын коргоо министри Гуидо Крозетто өлкөнүн мурдагы өкмөтүн төрт жыл мурунку Кытайдын "Бир алкак - бир жол" долбооруна кошулуу чечимин сындап, андан Италиянын экспортуна пайда көрбөгөнүн белгиледи.

Reuters жазгандай, Гуидо Крозетто - Италиянын Кытай менен макулдашуулардан чыгуу жолдорун карап жаткан администрациянын өкүлү. Италия - бул долбоорго Батыштан кошулган жалгыз өлкө.

"Бир алкак - бир жол" долбоору Кытайдын Борбор Азия жана Африка өлкөлөрү менен байланыш инфратүзүмүн ири инвестициялоо эсебинен кеңейтүүгө багытталган. Бирок долбоордун сынчылары ал Бээжинге өзүнүн геосаясий жана экономикалык таасирин артыруу үчүн гана керек экенин айтып келишет.

"Жаңы Жибек жолуна кошулуу чечими Италияга Кытайдын импортун көбөйттү, бирок Италиянын Кытайга экспортуна эч кандай таасир эткен жок", - деп билдирди Крозетто Corriere della Sera басылмасына курган маегинде.

Ал ошол эле учурда макулдашуудан Кытай менен мамилеге зыяны тийбегендей чыгуу зарылдыгын белгилеп, Бээжин Римдин атаандашы гана эмес, өнөктөшү да экенин айтты.

Италиянын премьер-министри Жорджа Мелони бейшембиде Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден менен жолуккан соң, Кытайдын демилгеси боюнча чараларды макулдашууга декабрга чейин убакыт бар экенин билдирген.

Италия экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн "Чоң жети" уюмуна кирет. Уюмдагы өлкөлөрдүн Жапониядан башкасынын баары НАТОго мүчө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG