Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Киев контрчабуул "бардык багыттар" боюнча уланып жатканын билдирди


Украинанын чыгышындагы контрчабуулга катышкан күчтөр. 2023-жыл, июль.
Украинанын чыгышындагы контрчабуулга катышкан күчтөр. 2023-жыл, июль.

30-июлда Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр “Телеграм” каналына украин күчтөрү Бердянск жана Мелитополь багытында “акырындап болсо да илгерилегенин” жазды.

“Контрчабуулдун бардык багыттары боюнча кармаш уланууда”, – деп жазды министрдин орун басары.

Украинанын Сумы облусунда орус күчтөрүнүн ишембидеги ракеталык чабуулунан эки тургун набыт болуп, 20га чукул киши жабыркады. Үч киши ооруканада жатат. 29-июлдун кечинде Сумыдагы окуу борборуна сокку жасалганын облустук аскердик администрация билдирди.

Маалыматтарга караганда, орус күчтөрү Сумы облусун күн сайын аткылоону улантууда. Облус бийлиги чек аралаш райондордон элди эвакуациялоону караштырып жатат. Буга чейин Сумынын мэри Александр Лысенко облус борборунда 12 миң кишиге орун даярдалып жатканын айткан.

Жекшембиде украин аскерлери Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүн Крым жарым аралы менен бириктирип турган Чонгар көпүрөсү атышуудан жабыркаганын маалымдады. Херсондун оккупацияланган аймагынын бийлиги да маалыматты бышыктап, украиндердин ракеталык соккусунан темир жол зыян тартканын билдирди.

2014-жылы Москва аннексиялап алгандан бери Крымда Орусиянын Кара деңиз флоту жайгашкан. Бул жарым арал – Москва басып алган Украинанын түштүк аймактарын Орусия менен байланыштырган стратегиялык жер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG