Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:02

Бишкекте кичи автобус менен жеңил машине кагышты


Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.
Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт.

Бүгүн, 30-июлда Бишкектеги Чүй жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган кичиавтобус менен Ford Mustang үлгүсүндөгү машине кагышты. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жабыркагандар жок деп маалымдады.

Акыркы айларда Кыргызстан башкалаасында коомдук транспорт катышкан бир нече жол кырсыгы катталды. 19-июлдагы Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-23 конушундагы жол кырсыгында эки адам мерт болгон. 22 киши ар кандай жараат алган.

Анын алдында, 16-июлда Бишкектин сыртындагы айланма жолдон "Мерседес бенц" үлгүсүндөгү кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, кичи автобустун айдоочусу менен жүргүнчү жабыркаган. 22-майда Бишкектин Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде 135-каттамдагы кичибус менен жеңил унаа сүзүшүп, маршруткада отурган эки адам терезеден ыргып кеткени видеого түшүп калган. Ал кырсыктан 4 адам жабыркаган.

Мындан сырткары, 20-апрелде Бишкектен "Манас" аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышып, 24 киши бейтапканага жаткырылган. Бир бала комага түшкөнү айтылган. Бул соңку төрт ай ичинде гана катталгандар.

Быйыл 6 ай ичинде Кыргызстанда 2996 жол кырсыгы катталып, 269 адам каза болгон. Былтыр бир жыл ичинде 7 миңдей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашуун өмүр кыйылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG