Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

Улуттук банк "Юнистрим" системасына байланыштуу комментарий берди


Кыргызстандын Улуттук банкы санкцияга кабылган орусиялык "Юнистрим" акча которуу системасына байланыштуу маалыматтарга комментарий берди. Башкы банк өлкөнүн улуттук төлөм системалары белгиленген эрежелерге, форматтарга жана тарифтерге ылайык штаттык режимде иштей турганы айтылат.

Мындан тышкары, Улуттук банк банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийлигишпесин белгилейт.

Билдирүүдө ошондой эле Кыргызстандагы коммерциялык банктар төлөм системаларынын өз алдынча катышуучулары катары, кайсы система менен иштөөнү өлкөнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык чечери, төлөм системалары менен иштөөдө тобокелдиктерге баа беришери кошумчаланган.

"Улуттук банк кырдаалга дайыма талдоо жүргүзүп турат, тобокелдиктер ыктымалдыгы болгон учурда тиешелүү чараларды көрөт", - деп жазылган маалыматта.

Орусиянын "Юнистрим" акча которуу системасына АКШ санкция киргизгени 20-июлда жарыяланган. Ушундан кийин Борбор Азиянын бир нече банкы "Юнистрим" акча которуу системасы менен кызматташууну токтотконун билдирди. Economist.kg басылмасы кызматташпай калган банктар арасында Кыргызстандагы "Компаньон", Finсa банк, "РСК Банк", "Халык Банк" жана "Капитал Банк" бар экенин жазган.

"Юнистрим" Орусиядан акча которуу боюнча белгилүү системалардын бири болгон жана дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө, анын ичинен Кыргызстанда колдонулуп келген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG