Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Туризм фондунун мурдагы жетекчиси үй камагына чыкты


Елена Калашникова.
Елена Калашникова.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы коррупцияга шек саналып кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Елена Калашникова жана анын орун басары Александр Валитов үй камагына чыкканын 29-июлда "Азаттыкка" билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсүнүн өтүнүчү 28-июлда сотто каралып, канааттандырылды. Эми алар тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин үй камагында болот.

Тергөөчүнүн келтирген өтүнүчүндө Калашникова 12 млн сом, ал эми Валитов 1,5 млн сомду мамлекетке төгүп, келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулганы айтылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-июнда алардын бөгөт чарасын карап, 22-августка чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.

УКМК өкмөт түзгөн Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары "коррупцияга" шек саналып камалганын 18-майда билдирген. Анда "ири өлчөмдөгү мамлекеттин акчасы негизсиз коротулганы аныкталды" деп жазылган.

Атайын кызмат уставдык капиталы 1 млрд сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн, бирок акча орунсуз сарпталып, жетекчилиги өзүнө жогору маяна коюп алганын жана курулуш иштери чыныгы наркынан көбөйтүлгөн баада жүргүзүлгөнүн билдирген.

Райондук сот Калашникованы 22-июнга чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. 2-июнда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында бир катар депутаттар ишкананын жетекчиси Елена Калашникованын ишмердүүлүгүн кескин сынга алышкан.

Калашникова ар бир тыйындын сарпталышы боюнча жооп берүүгө даяр экенин, мамлекет туризм тармагына көңүл буруп жатканын айткан.

Министрлер кабинети Калашникова жетектеген уставдык капиталы 1 млрд. сомдук "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун 2022-жылы түзгөн. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG