Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:29

УКМК абактагы Алимбаева тууралуу билдирүү таратты


Салкынай Алимбаева.
Салкынай Алимбаева.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң доллар алганы аныкталганын билдирди.

"Алимбаева Финансы министрлигине караштуу "Инфосистема" ишканасындагы тааныштарын ортого салып, "ыңгайсыз" катышуучуларды мыйзамсыз четтеткен. Бишкек шаарындагы эки кымбат баалуу жер тилкесин ижарага берүү боюнча аукциондо "Электрондук соода платформасы" автоматташтырылган тутумунда көрсөтүлгөн жеке бизнес өкүлдөрүнүн жеңишин камсыз кылган. Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен экспертизанын корутундусуна ылайык баасы 1 млрд 464 млн 383 миң сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулду", - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат бул факты боюнча Алимбаева менен бирге "Инфосистема" мамлекеттик ишканасы жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирди.

УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери аягына чыгып калганын, бул боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.

Алимбаева жана анын адвокаты билдирүү боюнча үн ката элек.

25-майда Алимбаева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган, шаардык сот чечимди күчүндө калтырган. 21-июлда Биринчи май райондук соту Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтүн 25-сентябрга чейин узарткан.

Адвокат Разак Ашимбаев Алимбаевага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып коюлганын айткан. Жактоочу окуя былтыр болгонун, Алимбаеванын буга тиешеси жок экенин билдирген. Алимбаева өзү да күнөөсү жок экенин айткан.

Абалы начарлап кеткенден улам 7-июлда Алимбаевага Бишкектеги ооруканалардын биринде операция жасалганы маалым болгон.

Алимбаеванын күйөөсү Равшан Жээнбеков азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталууда. Мындан тышкары Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, бул иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG