Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Акын Алтынай Темирова дүйнөлүк поэзия фестивалына катышты


Алтынай Темирова.
Алтынай Темирова.

Колумбияда 1-июлдан 16-июлга чейин 33-эл аралык Медельин поэзия фестивалы жана аны менен бирге Дүйнөлүк поэзия фестивалы өттү.

Маданий саамалыкка Орто Азия аймагынан кыргызстандык акын, котормочу Алтынай Темирова катышып келди.

“Колумбияда дүйнөлүк поэзиянын эки чоң тарыхый окуясы болуп өттү: 1-июлдан 16-июлга чейин болгон 33-эл аралык Медельин поэзия фестивалы жана ага биргелешкен Дүйнөлүк поэзия фестивалы болу өттү. Ушул эле маалда коңшулаш Венесуэла мамлекетинин Каракас шаарында акындардын Дүйнөлүк Конгресси Медельин шаары менен биргеликте 15-18-июль күндөрү өттү. Венесуэланын 17- Эл аралык фестивалына да 16-25-июлга чейин катыштык. Ошентип бир учурда бир канча иш-чараларда болдук. Дүйнөлүк поэзия кыймылынын Биринчи Конгресси дүйнөлүк коомчулук катары чогулуп, ар түрдүү көз караштарыбызды бөлүшүү жана поэзиянын биздин жашообузга жана коомубузга тийгизген зор таасирин белгилөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду”, - деди Темирова.

33-эл аралык Медельин поэзия фестивалы.
33-эл аралык Медельин поэзия фестивалы.

Медельин эл аралык поэзия фестивалында беш континенттин ар түрдүү өлкөлөрүнөн 60 акын катышкан. Иш-чаранын алкагында калемгерлер өз тилиндеги жана испан тилине которулган ырларын окушкан.

Акын, котормочу, драматург Алтынай Темирова 1991-жылдан бери Улуттук жазуучулар союсузунун мүчөсү. Поэтикалык, драмалык жана котормо адабий чыгармалары үчүн республикалык жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон.

Чыгармалары дүйнөнүн бир нече тилдерине которулган. Учурда Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында эмгектенет жана Бүткүл дүйнөлүк поэзия кыймылынын (WPM-Kyrgyzstan) Кыргызстандагы координатору. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG